ЖАЛАЛАБАТ. Митингде белгиленгенге караганда, Улу Ата Мекендик согушка Жалалабат облусунан 30 миңден ашуун адам катышып, алардын 18 миңден ашыгы курман болгон. Азыр согуштун 1230 ардагери бар, алардын 487си майып. 7 киши Советтер Союзунун баатыры наамын алып, бир киши Даңк орденинин толук ээси. Орусиянын борбору Москвадагы салтанатка облустун 84 жаштагы тургуну Абдрайым Темиров жөнөтүлгөн. Театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүлгөндөн кийин, митингдин катышуучулары бажы, чек ара, ички иштер кызматкерлери, жоокерлери согуш формасындагы аскерлер парадынан өтүштү. Согушта курман болгондор менен майданга кеткен уулун күткөн эненин эстеликтерине гүл коюлду, аскердик салют атылды.
ТАЛАС. Бул күнү 500гө жетпеген көзү тирүү ардагерди облустун аскердик комиссары Алмаз Өмүрбеков куттуктады. Эскерүү мүнөтүнө чогулган ардагерлер түбөлүк от жанында сүрөткө түшүштү. Облустук администрациянын имаратынын алдында бир нече миң адам катышкан митингде болсо облус губернатору куттуктоо сөз сүйлөдү. Анын маалыматтарына караганда, Талас өрөөнүнөн согушка 13 миң 951 жоокер аттанган. Булардын ичинен 1936 адам курман болуп, 8196 жоокер кайтып келген, 6 миң 500дөй жоокер орден-медалдар менен сыйланып, таластык беш жоокерге Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Аскердик парад согуш ардагерлери түшкөн үстү ачык аскер автомашиналарынын жүрүшү менен башталды. Андан соң аскер комиссариатынын, чек ара жана милиция кызматкерлеринин, жогорку, атайын жана орто окуу жайларынын аскер кафедраларынын окутуучулары менен студенттеринин парады менен коштолду. Жеңиш салтанаты стадиондордо, ат майдандарда, аянттарда спорттук, маданий жана улуттук оюн-зооктор менен коштолду.