Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

Иракта кан төгүүлөр уланууда


Сириянын чек арасы тарапта 75 козголоңчу жок кылынды деген маалыматты “ал-Каиданын” Ирактагы тобунун башчысы деп шектелген Абу Мусаб Заркави калпка чыгарды. Кечээ АКШнын аскерий жетекчилиги акыркы 24 сааттагы адаватчыларга каршы чабуулда 75 согушчан катардан чыгарылганын билдирген. Кечээ Багдаддын түштүк бөлүгүндө автомобилчен жанкечти жардырган бомбадан төрт ирактык, анын ичинде полициянын эки кызматкери курман болду. АКШ аскерлери жекшемби күнү эки деңиз аскерин жана бир жоокерин жоготконун билдирди. Ирактын коопсуздук күчтөрү Багдаддын калабалуу ар-Рашид районунда акыркы үч күндө козголоңчу деп шектелген 154 кишини камакка алды.

XS
SM
MD
LG