Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Иран ядролук технологияны өнүктүрүүнү улантат


Тегеран уранды байытууну кайра улантаарын кечээ жарыя кылды. Ирандын атомдук энергия боюнча комиссиясынын орун басар башчысы Мохаммед Саеддин билдиришинче, өлкө былтыр уранды байытууну токтоткондон мурда 37 тонна чийки уранды – уранды байытууга керек газга айланткан. Байытылган уран үчүн негизги азык болчу “UF-4” деп аталган сары чопо же уран аралашмасы Исфахандагы ишканада алынган. Жарды байытылган уран электр кубатын өндүрчү ядролук реакторго отун катары колдонулушу мүмкүн. Аны дагы байытып, атомдук бомбаны жасаса болот.

Тегеран уранды байытууну кайра улантса, Иранга каршы тийиштүү чара көрүлөт деп эскертти Мамлекеттик департаменттин өкүлү Том Касей. Бирок ал АКШ жана анын европалык союздаштары Иранга каршы кандай кадамга бараарын ачык айткан жок. АКШ менен Евросоюздун өкүлдөрү мурда эскерткенге караганда, алар БУУнун Коопсуздук Кеңешине кайрылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG