Орусиялык көзкарандысыз саясий анализчи Юрий Ханжиндин Анжиян окуясы тууралуу ой бүтүмү мындай болду:
- Анжиян окуясы - көптөгөн жылдар Ислам Каримовдук өкүмөт жүргүзүп аткан аракеттерге каршы жазалган жооп болду. Ачыгын айтканда, Өзбекстанда эч кандай демократиялык түзүлүш жок. Башында президент турган жападан жангыз партия өлкөдө мыйзам чыгаруучу эки палатаны, жергиликтүү бийликти контролдукка алып турат. Ал (партия – ММ) колунда өлкөнүн жетекчилиги турат.
- Ишеничтүү булак маалымадаганга караганда, көтөрүлүшкө чыккандар кийин митингде сүйлөп бийликтен иш, эркиндик жана адилеттүүлүк сурашыптыр. Мындайча айтиканда, өлкөгө демократиялык өзгөртүү киргизүүнү талап кылышкандай?
-Өлкөдө демократиялык жаңыланууга өтөлү деген ниет Ислам Каримовдо да, анын тегерегиндегилерде да жок. Басма сөздүн эркин болушун, эркин жыйын өткөрүү сыяктуу же түзүлүштү либералдаштырууну алар каалашпайт. Өлкөнү бийлөөгө оппозицияны жолотпоо турулуу көрүнүш. Ушундай шартта калктын нааразычылыгы акыры барып элдин көчөгө чыгуусун жаратат. Өзүбек элинде бийликке каршылык көргөзүү барган сайын артып барат. Түнүчүндө (12 майда – ММ) козголоң чыгып түрмөдөгүлөрдү бошотуу болгондун таңында көчөгө элүү миңдей киши чыгып митинг өткөрүштү. Бул Анжиян сыяктуу чакан калаа үчүн абдан көп сандагы кишилер көчөгө чыгуусу .
- Козголоңдун Анжиянда чыгышынын себеби барбы?
- Анжиян кыйладан бери ташкендик режимге кошулбай, андан обочо турган, дегинкиси, ордокалаалык жетекчиликке оппозицияда болуп аны менен тебишип келаткан. Анжияндыктар жогорку бийлик көргөзгөн кысымга чыдап келаткан.
- Анжиян көтөрүлүшү эмне менен аяктайт деп ойлойсуз?
- Муну бүткүл өлкөнүн энин акырындап кылдай ээлей турган кең кыймылдын башталышы десе туурадыр. Кыргызстанда окуялар айгинелегендей, мурдагы советтер союзу түшкөн аймакта, алардын катарында, Борбордук Азияда, ар кыл диктаторлор жылдан жылга бийликтен кетпей жүрө берүүсү үчүн эми кепил жок.