Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:12

Унаа тармагынын кызматкерлери И.Кадырбековго нааразы


БИШКЕК. 14-майда Ак үйдүн алдына Бишкектеги борбордук автовокзалда жүргүнчүлөрдү тейлөөчү «Ак жол» ишканасынын 100гө чукул жумушчусу пикетке чыгышты. Алар Унаа жана байланыш министринин милдетин аткаруучу Ишенбай Кадырбековдун кызматтан кетишин талап кылышууда. Пикетчилердин айтымында, министрдин милдетин аткаруучу Ишенбай Кадырбеков өз үй-бүлөсүнүн бизнесин өркүндөтүү үчүн «Ак жол» ишканасынын ишине каршы аракеттерди жасаган. Анын кесепетинен жүздөгөн адамдар жумушсуз калышы күтүлүүдө.

Алар үйбүлө мүчөлөрү менен 16-майда митинг өткөрүшөрүн билдиришти. Ал эми Ишенбай Кадырбеков менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

XS
SM
MD
LG