Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:42

Карасууда абал тынчыды


БИШКЕК. Кыргызстандын Карасуу району менен Өзбекстандын Карасуу айылынын эли Шахрихансай дарыясында кечээ өзбек атуулдары куруп алган темир көпүрө аркылуу ээн-эркин каттап атышат. 15- майда эртең менен Ош шаарында Алмамбет Матубраимовдун катышуусунда болгон жыйында “Төрт көчө” пункту аркылуу чектеш аймактардын жашоочуларын эки тарапка тоскоолсуз өткөрүү чечими кабыл алынган. Кабарчыбыз билдиргенге караганда, чек арада топтошкон адам жок. 15- майда Өзбекстандын Карасуу айылынын борборунда 3 миңге чукул адам митинг өткөрүп, Ислам Каримовдун отставкасын талап кылышты. Кечээ 14- майда Өзбекстандын 4 миңге чукул атуулу өзбек чек ара постторун ээлеп алышып, Кыргызстандын аймагына киргизүүнү талап кылышкан.

XS
SM
MD
LG