Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:56

«Ньюсуик» журналы Курандын кордолушу тууралуу өз маалыматын төгүнгө чыгарды


Америкалык журналдын редактору Марк Уитейкер учурдагы маалыматка таянып, журнал "АКШ армиясынын ички тергөөсү Гуантанамо түрмөсүндө Курандын мазакталганын аныктады" деген билдирүүсүн артка алып жаткандыгын бышыктады. Бул макала өткөн аптада Ооганстанда массалык толкундоолорго себеп болуп, 10дон ашык кишинин каны төгүлгөн эле.

АКШнын Коргонуу министрлигинин маалымат катчысы Браян Уитман Ньюсуиктин макаласын "жоопкерчиликсиз" жана ачыктан ачык жалган" болгон деп мүнөздөдү.

XS
SM
MD
LG