Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:58

18-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Метеорологиялык борбордун маалыматы боюнча 18-майда Кыргызстанда мезгил-мезгили менен жаан-чачын болот. Тоолорго кар түшөт.
Түндүк-батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт.

Республика боюнча абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +2...+7 градус жылуу, тоо этектеринде 0 градустан -2 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрөт. Күндүз +9...+14 градус жылуу.
Талас, Ысыккөл өрөөндөрүндө түнкүсүн 0...+5 градус жылуу, тоолуу жерлерде үшүк жүрөт. Күндүз +7...+12 градус жылуу
Жалалабат, Баткен, Ош аймактарында түнкүсүн +5...+10, күндүз +12...+17 градус жылуу болот.
Нарында түнкүсүн 0...+5, күндүз +6...+11 градус жылуу
Бишкек шаарында кез-кези менен жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +4...+6, күндүз +10...+12 градус жылуу болушу күтүлөт.

Кабарлар топтомун Бүбүкан Досалиева, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG