Россия менен Эстония көптөгөн жылдарга созулган сүйлөшүүлөргө чекит койуп, мамлекеттик чек ара жөнүндөгү келишимге жетишишти. Россиянын тышкы иштер министрлигинин билдиргенине караганда, чек ара азыркы кейпинде кала берет, башкача айтканда, мурдагы РСФСР менен Эстониянын ортосундагы административдик чек ара боюнча өтөт. Эстония Россия менен чек ара келишимине кол койгон балтикалык экинчи жумурият. 2003-жылы Россия менен чек ара келишимине Латвия кол койгон.