Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:40

АКШ өзбек бийлигин басым жасабоого чакырды


БИШКЕК. АКШ өкмөтү Өзбекстан бийлигин Кыргызстанга басым жасабоого чакырды. Анжияндагы окуялардан кийин эки өлкө ортосундагы чек арадагы кырдаалга байланыштуу кыргыз өкмөтүнүн тынчсыздануусун баалайбыз деп билдирди америкалык мамлекеттик департаменттин өкүлү Ричард Баучер. Анын айтымында, кыргыз тарап кандайдыр бир милдеттеринен кылчактабашы үчүн өзбек бийлиги басым жасоодон алыс болушу керек деп санайт АКШ өкмөтү. Ричард Баучер билдиргенге караганда, Америка өзбек качкындарга карата эл аралык милдеттенмелерин аткаруу боюнча Кыргызстандын тычсызданууларын баалайт. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кыргыз өкмөтүнө өзбек качкындарына карата мамилеси үчүн ыраазычылык билдирген билдирүүсүн 20- майда тараткан.

XS
SM
MD
LG