Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Алматы: “Республика” газетин колдогон адамдар акция өткөрүштү


Алматыда оппозициячыл “Республика” гезитин жабууга каршы 1, 5 миңдей адам катышкан нааразылык жүрүшү өттү. Демонстранттар ошондой эле өкмөттөн коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү талап кылып, журналисттерди жемсөөлүк жөнүндө көбүрөөк жазууга үндөштү. Казак оппозициясы президенттикке көрсөтүп жаткан талапкер Жармахан Туякбай жыйында мындай деп сүйлөдү:


- Биз баарыбыз казактын “Баш кесмек бар, тил кесмек жок” деген макалын билебиз. Азыркы өкмөт биздин чындыкты сүйлөөбүзгө жол бербей жатат. Алар биздин оозубузду жапкысы келсе, тилибизди кесмек болсо, биз мындай өлкөгө жана өкмөткө керекпизби деген суроо жаралат.

XS
SM
MD
LG