БИШКЕК. 25-майда Бишкекте Жогорку соттун алдында №21-Токтогул, №59-Чүй жана №66-Ак суу округдарынын шайлоочулары нааразылык иш-чарасын улантышты. Алар Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмоновдун кетишин жана аталган округдардагы шайлоонун жыйынтыктары боюнча соттон акыйкат чечим чыгарууну талап кылышууда. Ал эми Курманбек Осмонов учурда сүйлөшүү аркылуу кырдаалдан чыгуу жолдору каралууда деп «Азаттыкка» билдирди. Өлкөнүн Жогорку соту 22-апрелден тарта имарат пикетчилер тарабынан ээленип алынгандыгына байланыштуу ишин токтоткон. Ал эми парламенттин айрым депутаттары бул кырдаалды сот системасындагы кризис катары мүнөздөшүүдө.