Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Палестин автономиясындагы парлампенттик шайлоо 17 июндан кийинкиге жылдырылат


Палестин автономиясынын вице-премьер-министри Набиль Шаат бүгүн Рамаллада жасаган билдирүүсүндө 17-июнга пландаштырылган парламенттик шайлоо кийинкиге жылдырыла турганын билдирди. Анын аралыгында, Палестин автономиясянын президенти Махмуд Аббас бүгүн АКШга расмий визитин баштап, Вашингтондо АКШнын конргессмендери менен жолугушууда. Тараптар Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процессинин келечегин талкуулашат. Бейшемби күнү Аббас Ак үйдө президент Жорж Буш менен жолугушат. Анын аралыгында, Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон 400 палестин туткунун бошотууга убада берди. Вашингтондо сүйлөгөн сөзүндө Шарон Израиль менен Палестин автономиясынын ортосунда "ишенимдин жаңы доорун" орнотуу мүмкүндүгү жөнүндө айтты.

XS
SM
MD
LG