Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:09

'Бирдиктүү кубат системасы' деген орусиялык компанияга каршы кылмыш иши ачылды


Орусиянын Башкы прокуратурасы кечээ күнү Анатолий Чубайс башкарган Бирдиктүү кубат системасы деп аталган компаниянын жетекчилигине каршы кылмыш ишин ачты. Кечээ күнү Маскөө жана анын айланасындагы областтарда электр кубаты бир нече саатка өчкөн жана миллиондогон адам жапа чегип, миңдеген ишкана токтогон. Чубайс күнөөнү мойнуна алды: "Биздин компаниянын жана өзүмдүн атымдан Маскөө шаары, Маскөө областы жана Тула областынын жапа чеккен тургундарынан, метро токтоп калгандыктан жумушуна жете албай калгандардан, башкалардан кечирим суроо сөзсүз талаптуу деп эсептейм", - деп билдирди Чубайс. Анын айтымында, Маскөөнүн чет-жакасындагы Чагино электр станциясында өрт чыккан, ал станция 50 жылдан бери оңдолгон эмес.

XS
SM
MD
LG