Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:51

ЧУБАЙС СУРАККА АЛЫНДЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиянын мамдумасы бүгүн Маскөө регионунда пайда болгон энергиялык кризиске РАО «ЕЭС» жетекчилиги жоопкер маселесин кароодон баш тартты. Кечөө РАО «ЕЭС» жетекчиси Анатолий Чубайс 25 майдагы ал системада пайда болгон кырсык үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары тергелди. Сурак төрт саатка созулган. «Кызмат абалынан пайдаланган» жана «шалаакылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Маскөөнүн ишканалары дуушар болушкан чыгым эсеби келерки бейшембиде такталат. Кырсыктан куткаруу штабынан алынган маалыматка караганда чыгымдын эсеби миллиард долларга чукулдап барат. Маскөөдө электир кризисинин акыры саясатташып баратканын да айтышууда.

Маскөөдө электр оту өчүү кырсыгы бас-бас болгондон кийин эми ага күнөөлүү кишини издөө жумушу башталды. Биринчи кезекте РАО «ЕЭС» башчысы Анатолий Чубайс тергелди. Бирок сурактын мыйзам бузуу менен бийликтин көргөзмөсүнөн улам болгонун Мамдума депутаты Виктор Илюхин белгилейт:

- Президент, Чубайс күнөөлүү, РАО «ЕЭС» жооп бериш керек деди. Ошондо Башкы прокурор тикесинен тик какайып тура калып, президент, сиздин буйрукту аткарабыз деди. Мен жеринен айтып келе жатам, укуктук маселелер буга окшогон буюруу, көргөзүү жолу менен чечилбейт.

Жума күнү «Мекен» фракциясынан Мамдумада Анатолий Чубайсты кызматтан кетирүү маселесин күн тартибине киргизүү сунушу түшкөн, бирок ал өтпөй калган. Бери дегенде 2 миллиондой тургундар жеке турмушуна түн түшүргөн электр өчүшү кыйла чыгым ала келгени айтылууда. Агенттиктер таркаткан маалыматтарда келе жаткан бейшембиде андай жыйынтык чыгарылмакчы. Бир эле темир жол тарткан зыян, орусиялык темир жол компаниясынын вице-президенти Хасан Забиров айтканга Караганда, 50 миллион рублейге жеткен. Белгилей кете турган жагы, РАО «ЕЭС» мыйзам түрдө коюлган доо болсо аны төлөп берүүгө даяр экенин билдирди.

Өзүнүн отставкасы туурасында Анатолий Чубайс мындай деди:

- Сиздер билесиздер, мени кызматтан алууга акция кармагандар укуктуу. Биздин башкы акционерибиз – мамлекет. Ал 52,4 пайыз акцияга ээ. Ошондуктан андай чечимди укук кимдин колунда болсо ошол кабыла ала алат.

Сырттан көз салуучулар орусиялык саясий элита арасында Чубайстай көп душманы бар киши жок деп калышат. Алар эми жагдайдан пайдаланып аны аттан оодара тартуу аракетин жасайт дешет.

Маселен, «Мекен» фракциясынын мүчөсү Сергей Глазьевдин ою боюнча РАО «ЕЭС» жетекчилигин кызматтан алуу - өлкөнүн коопсуздугу менен киндиктеш маселе:

- РАО «ЕЭС» компаниясын жетекчилигине иш билги адис келишин талап кылуу – бул өлкө коопсуздугунун маселеси.

Карнеги борборунун эксперти Александр Пикаев, кантсе да, Чубайсты иштен алгыла деген буйрук президенттин өзүнөн түшкөн эместей деп эсептейт:

- Муну Кремлди сагалагандар, менчиктештирүү алдында турган эбегейсиз мамлекеттик компанияны – ишкердиктин майлуу жерин ээлөөнү самагандар жаcаткан. Акча тынбай аккан дайрага чөмүлсөк деген дымактан улам жасашкан.

XS
SM
MD
LG