Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:22

Жер ээлөөчүлөрдүн нааразылык акциясы уланууда


ЖАЛАЛАБАТ. Жалалабаттын сексенге жакын тургуну бир айдан бери турак-жай курууга мыйзамдуу түрдө жер ажыратып бербей, талаптарын улам артка жылдырып келаткан шаар бийлигине нааразылык билдиришти. 1998-жылдан бери СНМ заводунун жатаканасында жашаган бул адамдар маселе чечилбесе облустун губернаторунан тартып өкмөткө жана президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевге кайрыларын маалымдашты. Алар үй куруу үчүн ар бири 6 сотыхтан ээлеп алган жерлерин бошотпой тургандыгын жана нааразылыгын токтотпой тургандыгын айтышты. Шаар башчынын биринчи орунбасары Садыр Айтбаевдин жообуна караганда, жер ээлөчүлөрдүн кайрылганына бир ай болду. Шаарда жер алуу үчүн алардан мурда эки жарым миңдей адам арыз берген. Жер ээлөчүлөрдүн муктаждыгын изилдөө үчүн түзүлгөн комиссия маселени ар тараптуу иликтөөдө жана жер биринчи учурда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ажыратылат.

XS
SM
MD
LG