Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:31

Франциянын премьер-министри алмашылды


Франция премьер-министри Жан-Пьер Раффарен бүгүн кызматынан чегинди:

- Бүгүн мамлекет башчы менин жана өкмөттүн кызматтан чегингенибизди жактырды. Европа Биримдигинин Конституциясы боюнча жекшемби күнү өткөрүлгөн референдум ийгиликсиз аяктагандан кийин, мен өз алдымча кызматтан кетүү чечимин кабыл алдым, - деди Рафарен.

Ушул эле күнү президент Жак Ширак премьерлик кызматка ички иштер министри Доминик де Вильпенди дайындады, ал мурда тышкы иштер министри болуп да иштеген. Де Вильпендин айтымында, эртең ал өкмөттүн жаңы курамын жарыялайт.

XS
SM
MD
LG