Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:10

НИДЕРЛАНДИЯ ЕВРОБИРИМДИКТИН КОНСТИТУЦИЯСЫН КОЛДОБОЙ КОЙУШУ МҮМКҮН


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Бүгүн Нидерландияда Еврошаркеттин Конституциясы боюнча референдум өтүп жатат. Эртең мененки саат беш жарымда ачылган шайлоо участкалары кечки саат 8ге чейин иштейт. Алдын ала сурамжылоолор Нидерландиянын жарандары Евробиримдиктин орток Конституциясына макул болбой тургандыгын көрсөттү. Референдумдун жыйынтыгы бүгүн түн жарымга чейин белгилүү болмокчу.

Нидерландынын Конституциясы өлкөдө референдум өткөрүүгө уруксаат бербейт. Элдин пикирин референдум аркылуу суроо парламент кайсы бир талаш маселе боюнча косультативдик референдум өткөрүүнү талап кылганда гана жүргүзүлөт.

Алдын ала сурамжылоолор нидерландиялыктардын кеминде 60 пайызы Еврошаркеттин орток Конституциясын четке кага турганын көрсөттү.Ошон үчүн бүгүн референдумда добуш бергенден кийин сүйлөгөн сөзүндө өлкөнүн өкмөт башчысы Ян Петер Балкененде мекендештерин Конституцияга колдоо көрсөтүү- Европадагы прогрессти колдоо менен барабар экенине ишендиргенге дагы бир жолу аракеттенди:

- Конституцияны колдоого жакшы негиз бар. Эгерде Европада алга жылыш болсун десек, анда документти колдоого тийишпиз.

Брүсселге ого эле көп укук берилип, өлкөлөрдүн өзүн-өзү башкаруу, чечимдерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгү кысмакталып жатат, деген пикирилер нидерандиялыктардын арасында үстөмдүк кылып жатканына кабатыр болгон өкмөт башчы Еврошаркеттин орток баш мыйзамына колдоо көрсөтүүнүн маанисин дагы бир жолу мындайча баса белгиледи:

- Aрийне мен жарандардын сын пикирлерин түшүнүп турам. Алар Брүссель супербийликке айланат деп чочулашат. Андай пикирди да кармансаңыз болот, бирок эгерде жумушсуздук маселесин чечүүдө жылыш болсун, терроризмге каршы күрөш улансын десеңер, анда биз бири-бирибизге муктажбыз. Биз 25 өлкөдөн турган Европабыз, ошон үчүн макул дегенге негиз көп.

Алдыда белгиленгендей, нидерландиялыктардын Евробиримдиктин Конституциясына терс пикири, мисалы Британиядагыдай, Еврошаркеттин келечегине ишенбестик менен түшүндүрүлбөйт. Нидерландиялыктардын көпчүлүгү, мурдагыдай эле, Европа менен интеграцияланууну каалашат, бирок Брүссель сунуш кылган тездик менен эмес. Алар баардык эле олуттуу маселелерде Брүсселден көз каранды болгулары келбейт.

Айрым байкоочулар нидерландылыктардын маанайын ошондой эле эл менен саясатчылардын ортосунда акыркы жылдарда пайда болгон ажырым, обочолонуу менен түшүндүрүшөт. Мисалы, Германиянын “Хандельсблатт” гезити биринчи июндагы санында Еврошаркеттин Конституциясынын интернетсайтында чыккан маалыматтарга таянып, сайтка кирип-чыккан адамдардын 90 пайызы уюмду жөнөкөй жарандардын күнүмдүк проблемаларынан алыстап кетти, жарандар уюмдун ишин көзөмөлдөй албай калды, деп сындашканын жазат. Ошону менен бирге жарандар орток акча бирдик -евро киргизилгенден бери баалар негизсиз жогорулагына наарызы болуп, терроризмге каршы алгылыктуу чара көрүү шаркеттин колунан келеринен күмөн санай башташканын айтышкан.

Өткөн күздө нидерландиялык кинорежиссер Тео Ван Гогдун өлтүрүлүшү, мечиттер менен чиркөөлөргө өрт койулушу бир кезде эч нерседен капары жок жашаган нидерландиялыктарга бүлүк салып, алардын Европанын мекемелерине болгон ишенимин бир топ солгундатып жиберди. Ошону менен бирге эле эл ичинде калктын жашоо турмушунун дэңгээли пастап баратканын шаркетке жаңы мүчөлөрдүн кабыл алынышынан, рынокко арзан жумушчу күчтүн келип жатканынан көргөндөр да бар.

Эгерде шайлоочулар Евробиримдиктин Конституциясын колдобой койушса, анда маселе өлкөнүн парламентинде талкууланып, парламент Конституцияны ратификациялоо маселеси боюнча добуш берет. Парламент референдумдун жыйынтыгын сөзсүз эле эске алууга милдеттүү эмес, бирок Балкененде буга бир канча чейин саясий партия жана Парламенттин төмөнкү палатасы референдумдун жыйынтыгына ылайык, шайлоочунун пикирин эске алган чечим чыгара тургандыктарын жарыялашканын билдирген.

XS
SM
MD
LG