Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:53

ПАРЛАМЕНТ ӨКМӨТТҮН МЫЙЗАМДУУ ИШТЕШИНЕ КАМ КӨРҮҮГӨ КИРИШТИ


2-июнда Жогорку Кеңеш өкмөт жана анын мүчөлөрүнүн иштөө негиздерине байланыштуу эки мыйзамды кабыл алды.

Парламент кабыл алган эки мыйзамдын бири «Айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү», экинчиси «Жогорку Кеңештин регламентине өзгөртүү киргизүү» жөнүндөгү мыйзам. Биринчи мыйзам долбоорун сунуштаган депутат Каныбек Иманалиевдин айтымында, ал «Өкмөт жөнүндөгү» мыйзамдын кемтик жерлерин толуктайт:

- Биз муну менен биринчиден, юридикалык мүчүлүштүктү жоебуз, экинчиден, милдет аткаруучуну бекитүүгө Жогорку Кеңешке сунуштоонун мөөнөтүн тактайбыз, үчүнчүдөн эки кызматта отуруу институту жоюлат. Себеби, мунун финансылык жана моралдык чоң кесепети бар. Азыркы өкмөт эки айдан бери финансылык келишимдерге кол коюп жатат. Эгер алар Конституцияга каршы болуп калса азыркы милдет аткаруучулар «Мен анда ант берген эмесмин, ант бергенден кийин гана өкмөттүн мүчөсү болот деп мыйзамда жазылган» деп танып кетиши мүмкүн. Ошон үчүн бул мыйзам өкмөткө да, парламентке да пайдалуу жана өкмөттүн толук мыйзамдуу болуп иштешине негиз берет.

Бул мыйзамдын негизинде президент министрлердин, Эсептөө палатасынын, Улуттук банктын, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагаларынын жана Башкы прокурордун милдетин аткаруучуну дайындагандан кийинки 10 күн ичинде аларды биротоло бекитүүгө Жогорку Кеңешке сунуштоого милдеттүү болот.

Бирок депутат Жантөрө Сатыбалдиев:

-Жаңы президент шайлангандан кийин өкмөттүн бардык мүчөлөрү иштен кетет. Ошон үчүн ушул керекпи? - деп өзгөртүүнүн зарылдыгына кызыкканда, депутат Сооронбай Жээнбеков:

- Эгерде бул өкмөткө абдан күйсөк, башкача күйөлү. Бирок бул мыйзамды кабыл алалы. Өкмөт бул мыйзам кабыл алгандан кийинки 10 күндөн кийин эле Жогорку Кеңешке чуркап келбейт. Мыйзам күчүнө киргичекти президенттик шайлоо да бүтөт. Бул кийинки өкмөттүн иштешине жасалып жаткан иш ,- деп кийинки өкмөт үчүн көрүлүп жаткан кам экендигин белгиледи.

Ал эми парламенттин регламентине киргизилген өзгөртүү менен бир эле адам депутат болуп туруп мамлекеттик кызматта, коммерциялык тармакта жана айлык акы төлөнгөн кызматта иштөөсүнө тыюу салынды. Анын зарылдыгы тууралуу мыйзам долбоорунун ээси Дооронбек Садырбаев буларды билдирди:

-Айрым депутаттар бир эле убакта депутат да, аткаруу бийлигинде да иштеп жатышат. Маселен, менин санаалаш иним Адахан Мадумаров өзү сунуш кылган мыйзам долбооруна же саясий билдирүүсүнө өзү депутат катары добуш берип жатат. Бул мыйзамга таптакыр карама-каршы келе турган иш. Мындай аракет менен алар бийликти менчигине басып алганы жатышат да! Бул болбойт да!

Март ыңкылабынан кийин Башкы прокурордун милдетин аткарып жаткан депутат Азимбек Бекназаров «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда депутаттык мандаты тууралуу мындай деген эле:

- Баш мыйзамга ылайык Башкы прокурор болгон күнү мен депутаттык мандатымды тапшырам. Жогорку Кеңеш бүгүн макулдугун берип, мени биротоло Башкы прокурор кылып дайындаса, ошол күнү депутаттыктан кетем. Азырынча парламент мени беките элек.

XS
SM
MD
LG