Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:12

1-июнда жабыркаган атуулдар Башкы прокурорго кайрылуу жолдоду


БИШКЕК. 1-июнда Жогорку соттун алдында жабыркаган атуулдардын атынан «Эл үмүтү» коомдук уюму республиканын Башкы прокурорунун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаровго 2-июнда кайрылуу жолдоду. Кайрылуу ээлери 1-июндагы кагылышууда аталган уюмдун мүчөсү Жусуп Камалдин жана андан сырткары бир нече жаран катуу таяк жеп, ооруканада жаткандыгын белгилешкен. Ошондой эле алар мындай окуяны депутат Мелис Эшимканов, Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов жана башка Аскар Акаевдин жактоочулары уюштургандыгын айтышып, аталган эки жаранга кылмыш ишин козгоп, алардан 3 миллион сом моралдык чыгым төлөтүп берүүнү өтүнүштү. 1-июнда өздөрүн элдик кошунданбыз деген алты жүзгө жакын атуул Жогорку соттун төрагасын кызматтан кетирүүнү талап кылып жаткан атуулдарды күч менен сот имаратынан кууп чыгышкан.

Мелис Эшимканов менен Курманбек Осмонов биринчи июндагы окуяны алар уюштурбагандыгын жана ал окуяга эч кандай тиешеси жок экендигин «Азаттыкка» билдиришти.

XS
SM
MD
LG