Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:43

2012-жылкы Олимпиаданы өткөрүү үчүн Парижге артыкчылык берилүүдө


2012-жылдагы Олимпиаданы өткөрүүгө атаандашып жаткан беш шаардын ичинен алдыга Париж чыкчудай. Бүгүн Парижде Эл аралык Олимпия комитетинин ошол шаарларда болуп келген инспекторлору өз отчетун жарыялашты. Испекторлор жалпысынан эң жакшы бааны Парижге ыйгарышкан. Москваны кошпогондо талапкер шаарлардын калгандары: Лондон, Париж, Мадрид, Нью-Йорк да дурус баага арзыган. Соңку чечим Эл аралык Олимпия комитетинин Сингапурда келерки айда өтүүчү жыйынында кабыл алынат. Бүгүн жарыяланган отчеттун көчүрмөсү Олимпия комитетинин мүчөлөрүнө да жиберилмекчи.

Эл аралык кечки кабарларды Прагадан Улан Эшматов даярдады

XS
SM
MD
LG