Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:17

Британия Евроконституция боюнча референдумду кийинкиге калтырды


Референдум келерки жылдын жазына белгиленген болчу. Өлкөнүн тышкы иштер министри Жек Стронун бүгүн парламентте билдиргенине караганда, Конституцияны Франция менен Голландиянын калкы колдобогон соң Британияда референдум өткөрүү ылайыксыз. Ошол эле учурда өкмөт кырдаал өзгөргөн шартта референдум уюштуруу маселесине кайрылуу укугун сактап калат. Буга чейин документти он өлкө ратификациялаган, бирок Конституция күчүнө кириш үчүн Евробиримдиктин бардык 25 өлкөсү тарабынан жактырылышы абзел.

XS
SM
MD
LG