Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:56

КАБУЛДА БАРЫМТАГА АЛЫНГАН ГУМАНИТАРДЫК УЮМДУН КЫЗМАТКЕРИН БОШОТУУ АРАКЕТТЕРИ УЛАНУУДА


Баян Жумакадыр кызы, Прага Кабулда 16-май күнү барымтага кармалып кеткен италиялык жаран, гуманитардык уюмдун кызматкери Клементина Кантонини бошотуу аракеттери улантылууда. 32 жаштагы аял Ооганстанда кедейлерге жардам берүү боюнча долбордун алкагында үч жылдан бери иштеп келаткан. Аны бошотулушун бирге иштеген кесиптештери менен Клементинанын арты менен жардам алып жатышкан жесирлер талап кылышууда.

Клементина Кантони иштеген Care International деген соопчулук уюмунун кызматкери Беатрис Спандачини мындай аракеттердин акыры майнап чыга турганына үмүттөнүп жатат:

- Үмүтүбүздү акырына чейин үзбөйбүз.Биз аны куткарып алуу үчүн колдон келгендин баарын жасап жатабыз.

Спандачи бул сөзүн Клементинаны бошотуу үчүн Кабулда өткөрүлгөн чакан жөрөлгөдө айтты. Ага чогулган ондогон адамдар: кесиптештери менен аны өзүлөрү үчүн кам жеген жакын адамы деп эсептеген жарандар анын аман-эсен бошотулуусун тилеп, от жагышты. Бул тилекке дүйшөмбү күнү Кабулда өткөрүлгөн жөрөлгөгө катышкан саясатчылар, мусулман динаятчылары, мектеп окуучулар менен студенттер бири калбай кошулушту.

Жөрөлгөдө Италиянын Кабулдагы элчиси Эторе Секви да сөз сүйлөп, элчилик Ооган өкмөтү менен бирге иштеп, Клементина Кантонини аман-эсен бошотуп алууга чечкиндүү аракеттерди көрүп жатканын ырастады:

- Биздин бул жерге келип, от жагып, тилек тилеп отурганыбыз абдан чоң мааниге ээ. От биздин үмүтүбүздү, бул маселени бирдиктүү аракеттер менен тез арада чечүүгө чечкиндүү болуп турганыбыздын символу.

Клементина Кантони мындан үч жума мурда, 16-майда Кабулдун көчөсүнөн, иш үстүндө жүргөн жеринен уурдалып кеткен. Жекшемби күнү Ла Република гезити Ооган жана Италиялык ортомчулар Кантонинин бошотуу маселесинде бир нече жолу мунасалуу пикирге жакындашканын, бирок акыркы мүнөттө сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураганын билдирди.

Кантонини уурдап кеткен топ жөнүндө маалыматтар аз. Ооган бийликтери аны кандайдыр исламдык топтор, же талибан согушкерлери уурдабастан, кадимки эле кылмышкерлер ала качышканын айтышат. Бирок өкмөт барымтачылар кандай талаптарды койгонун, кылмышкерлердин кандай адамдар экендиги жөнүндө маалымат бербейт. Майдын соңунда Ооганстандын телевидениеси Кантониге мылтыктарын кесеп турган маскачан эки кишини көрсөткөн.

Кантони 11 миң жесирди жана алардын балдарын азык-түлүк менен, ошондой эле жалгыз бой энелерди жумуш менен камсыз кылуу максатын көздөгөн долбор боюнча 2003-жылдын сентябрь айынан бери иштеп келаткан.

Ошон үчүн Кабулда өткөн жөрөлгөдө Жамеа Жан менен Шах Гүл деген жесир аялдар да сөз сүйлөп, анын бошотулушун талап кылышты:

- Биз жесирлер, барымтачы агайындарды Кантонини мүмкүн болсо тез арада бошотууңарды талап кылабыз. Ал бизге жана жетим балдарыбызга-азык-түлүк менен каралашып жаткандардын бири болучу. Байболгурлар жок дегенде ушуну эске алып, аны койо бергилечи.

- Ал өткөн үч жылдын ичинде бизге жардам берип келди өткөн үч жылдын ичинде мен өзүмдү багаар-көрөөрү жок жесирмин деп сезген эмесмин, ал кармалып кеткенден бери мага жана балдарыма каралашаар кишим жок калды.

Кантонинин барымтага алынуусу Ооганстанда иштеп жаткан 2000дей чет элдик кызматкерлерге бүлүк салды. Былтыр Улуттар уюмунун төрт кызматкери барымтага алынып, ноябрь айында төртөө тең аман-эсен бошотулган болучу Анда ооган өкмөтү барымтачылар кимдер болгондугун, кандай максатты көздөгөнүн ачыктаган эмес. Ал болгону барымтачыларга эч кандай акча төлөнбөгөнүн айткан.

XS
SM
MD
LG