Люксембургтун премьер-министри, Евробиримдиктин учурдагы төрагасы Жан Клод Юнкер Дүйнөнүн эң өнүккөн мамлекеттердин финансы министрлери Африка өлкөлөрүнүн карызын кечүү маселесинде мунасага жетишишти деп билдирди. Британиянын финансы министри Гордон Браун макулдашуунун деталдарын ачыктайт деп күтүлүүдө.Чоң сегиздик министрлери Лондондогу жыйынында Британия менен АКШ тарабынан сунуш этилген долбоорду талкуулашкан. Ага ылайык, кара континеттин эң жакыр 18 өлкөсүнө берилген миллиарддаган долларлык карыз 100 пайызга кыскартылат.