Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:51

КЫТАЙДА ЭЛЕКТР КУБАТЫНА СУРОО-ТАЛАП КҮЧ БОЙДОН КАЛУУДА


Баян Жумакадыр кызы, Прага Экономикалык реформалар башталган 1978- жылдан бери Кытайдын улуттук дүң өндүрүшү жыл сайын 9 пайызга көбөйүп келатат. Бирок экономикалык өнүгүүнүн мындай тез темптери энергияга болгон мутаждыкты камсыз кылуунун кыйынчылыктары менен коштолууда. Энергияга болгон суроо-талапты канагаттандыруу үчүн өлкө эффективдүү эмес, айлана чөйрө үчүн зыяндуу көмүр казуу тармагына басым жасоого мажбур. Мындай акыбал расмий Бээжиндин өлкөнүн дүң өндүрүшүн жакынкы 15 жылдын ичинде төрт эсеге көбөйтүүгө багытталган пландарынын ишке ашуусуна олуттуу кедерги болуп жатат.

Кытайдын Шаанси провинциясындагы Юнин шаары өлкөнүн экономикасынын дүркүрөп өсүп жатканынын жакшы мисалдарынын бири. Ири табыгый байлыктарга ээ бул аймак Кытайдын Кувейти болуу максатын көздөйт. Айрыкча анын 8 чарчы километр жерди ээлеген көмүр казып, иштетүүгө адистешкен Жинжи деген индустриалдык борборуна көп көңүл бурулууда.

Ошентип, көмүр дагы жылдар бою Кытайдын энергияга болгон керектөөсүн канагаттандыруунун маанилүү булагы болуп кала бермекчи. Ошону менен бирге эле Кытай мунай жана табыгый газга болгон муктаждыгын канагаттандыруу үчүн Каспий деңизиндеги, Россия, Чыгыш Африка, Ирак, Ирак жана Ливиядагы булактарды пайдаланууга аракеттенип жатат. Кытай өзүндөгү мунай кендерин изилдөөгө да көп көңүл бурууда.

Бул жөнүндө өкмөттүн ээлигиндеги Петрол-Чайна деген табыгый газ иштетүүчү заводдун директору Жиң Женьвень мындай дейт:

-Энергияга болгон суроо-талап барган сайын өсүүдө, бул табыгый газдын булактарын иликтеп жаткан бизди да катуу кысмакка алып жатат. Биз иштеп жаткан кендерди натыйжалуу пайдаланууга көңүл буруу менен бирге газдын жаңы запастарын да изилдеп жатабыз.

Бирок Улуттук Өнүгүү жана Реформа комиссиясынын кызматкери Цяо Жиароң энергиянын улуттук жана чет элдик энергия булактарын көбөйтүү маселенин өзөгүн түзбөсүн, негизги маселе азыр энергияны коромжуга учуратпастан, сарамжалдуу пайдалануу экенин баса белгиледи:

- Эгерде биз азыркы багытта кете берсек, 2020-жылы улуттук дүң өнүдүрүштү төрт эсеге көбөйтүү максатын ишке ашыруу өтө кыйын болуп калат. Энергияга болгон суроо-талапты канагаттандыруу үчүн биз көмүрдүн, табыгый газ менен мунайдын жана өзүнөн өзү көбөйүп, калыбына келип турган атомдук энергия сыяктуу кубаттык корун түзүүбүз керек. Биз энергияны пайдалануунун натыйжалуулугун арттырып, жоготууларды кыскартуубуз абзел.

Цяо бул билдирүүсүн өткөн дүйшөмбү күнү Бээжинде 12-жылдык программанын башталуусуна байланыштуу өткөрүлгөн жыйында жасады. Анын айтымында, өлкө боюнча энергияны үнөмдөп, сарамжалдуу пайдалануу үчүн чара көрүү абзел. Кытайда энергияны пайдалануунун натыйжалуулугу өнүккөн өлкөлөрдүкүнөн 10 пайызга төмөн. Эксперттердин маалыматы боюнча, Кытай энергиянын АКШдан кийинки эле эң чоң керектөөчүсү.

XS
SM
MD
LG