Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:12

Баткендеги журналисттер шайлоого байланыштуу укуктук маалымат алышууда


БАТКЕН. 14-июнь күнү Баткендеги ММКларды колдоо борборунда Бишкектеги медиа өкүлчүлүктөн Шамарал Майчиев жана Интерньюс уюмунун юристи Илим Карыпбеков “Массалык маалымат каражаттары жана Кыргыз Республикасындагы шайлоолор” темасында облустагы журналисттер үчүн эки күндүк окуу семинарын өткөрө баштады.

Медиа өкүл Шамарал Майчиев өз сөзүндө ММКлардын иш аракетиндеги пикир келишпестиктерди чечүү журналисттердин кызыкчылыгын көздөө экендигин билдирди:

- Окуу-семинардын негизги максаты - шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жол-жоболору тууралуу айтып берүү. Андан башка үгүт иштеринин түрү жана формалары менен тааныштыруу. Президенттикке талапкерлердин программаларын чагылдыруудагы өзгөчөлүктөр жөнүндө кеңири түшүндүрмө беребиз. Эң негизги маселе- журналисттерге маалыматтын үгүт материалынан айырмачылыгын түшүндүрүп, таанытуу.

Буга чейин медиа өкүлчүлүк ушундай окууларды Ошто жана Жалалабатта өткөргөн.

XS
SM
MD
LG