Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:53

«Акыйкаттыкка жол» аттуу укук коргоо уюмунун башчысы ачкачылык жарыялады


ОШ. 17-июнь күнү “АКИ-пресс Фергана” агенттигинде жогоруда аталган укук коргоо уюмунун төрагасы Сайитвазил Бекмуратов Карасуу райондук прокуратурасы жана ички иштер бөлүмү мыйзамсыз түрдө алардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук келтирип жаткандыгын билдирди. Ага мисал катары 8-июнь күнү укук коргоо уюмунун кеңсесиндеги документтер алынып кетип, уюмдун юристи Калилов пара алган деген жалаа менен камака алынгандыгын белгиледи. Бекмуратовдун айтымында, Карасуу районундагы укук коргоо органдарынын мындай аракети аталган укук коргоо уюмунун мыйзамсыз иштердин бетин ачуудагы ишмердүүлүгү менен байланыштуу. Укук коргоочу өзүнүн укугун коргоо максатында жогорку бийлик органдарына кат менен кайрылгандыгын, бирок алиге чейин жооп ала албагандыгын белгиледи. Мына ошондуктан укук коргоочу Бекмуратов өзүнүн укугун коргоо максатында 17-июндан баштап мөөнөтсүз ачкачылык жарылоо чарасына аргасыз барып жаткандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG