Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:55

Бозгундар Өзбек парламентине ачык кат жолдоду


ЖАЛАЛАБАТ. Өзбек качкындары Өзбекстандын парламентинин көз каранды эмес комиссиясынан Анжиянда 13-майда болгон кандуу калабаны калыс жана адилеттүү изилдеп, окуяга туура баа берүүнү жана акылга сыярлык чечим кабыл алууну талап кылышты. Өз өлкөсүнөн улуттук коопсуздук кызматкерлери жана адам укугун сактоого милдеттүү деген укук коргоочулар айдап чыгышкандыктан Кыргызстанда баш калкалоого мажбур болушкандыгын белгилешти. Көз каранды эмес комиссиянын адилеттүү чечим чыгаруусуна ишенээрин билдирүү менен чындыкты орнотууга үндөшүп, “тизе бүгүп жашагыча, тике туруп өлгөн жакшы” деген учкул сөздү эскертишип, жакшылык иш жаман жоруктарды дайыма жеңип келгендигин белгилешти.

XS
SM
MD
LG