ТАЛАС. Талкууга катышкан укук коргоочулар менен юристтер, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү качкындар проблемасынын келип чыгыш себептери, анын эл аралык укуктук нормалар менен жөнгө салыныш абалы жөнүндө ой бөлүшүштү. Анжиян шаарындагы массалык башаламандыктан кийин Кыргызстанга качып келишкен качкындардын айрымдарын Өзбекстанга кайтарып берүүнү Бириккен Улуттар уюмунун качкындар маселеси боюнча Жогорку комиссариаты менен макулдашпай Кыргызстан өзүнө алган эл аралык милдеттемелерди бузгандык деп сындашты. Талкуунун жүрүшүндө Кыргызстан жарды өлкө, ошондуктан качкындарды кабыл албаш керек деген кайчы пикирлер да айтылды. Талкуу соңунда кайрылуу кабыл алынып, качкындар боюнча Кыргыз мамлекети эл аралык милдеттенмелерди бузбоосу талап кылынды.