Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:39

Ирандын Көзөмөл кеңеши президенттик шайлоонун биринчи айлампасынын жыйынтыгын жактырды


Көзөмөл кеңеши президенттик шайлонун биринчи айлампасында мыйзам бузуулар болгон жок деп эсептейт. Өлкөнүн саясий көзөмөл органы катары саналган бул кеңеш шайлоонун 17-июнда өткөн биринчи айлампасынын ырасмий жыйынтыгын бекитти.

Көзөмөл кеңештин билдирүүсүндө белгиленгендей, мыйзам бузуу жөнүндөгү даттанууларга байланыштуу айрым шайлоо участкаларында добуштарды кайра саноо мурда жарыяланган маалыматтарды ырастады. Шайлоонун биринчи айлампасына катышкан жети талапкердин үчөөсү добуштар Тегеран шаарынын мэри, консерватор Махмуд Ахмадинеджаддын пайдасына бурмаланганын айтып, даттанышкан эле. Ушул жума күнү 24-июнда өтүүчү экинчи айлампада Махмуд Ахмадинеджад менен Ирандын мурдагы президенти байыстуу динаятчы Али Акбар Хашеми Рафсанджани атаандашат.

XS
SM
MD
LG