Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:18

“Акрамия” диний уюмунун үгүттөө баракчасын тараткан атуул кармалды


ЖАЛАЛАБАТ. Сузак районунда жашаган бир адамдан Өзбекстанда диний экстремисттик уюм деп эсептелген “Акрамий” уюмунун алты баракчасы табылды. Анын иши кылымыш ишин ачуу, же козгобоо маселесин чечүү үчүн райондук прокуратурага өткөрүлүп берилди. Мындай маалымат 25-июнда облустук ички иштер башкармалыгынан алынды. Башкармалыктын маалыматына караганда, баракчаларда Өзбек бийлигинин адам укугуна жасаган мамилеси, Анжияндагы митингге чыккандарга ок атуу кескин сындалып, Өзбекстанда 13-майда нааразылык билдиргендерди бийлик айыптагандай экстремист жана террорист эмес экендиги жазылган. Мындай баракчалар облустун башка аймактарына да таратылган. Облустун ички иштер кызматкерлери уюмдун дубандагы башка мүчөлөрүн да аныктоо иш чараларын жүргүзүүдө.

XS
SM
MD
LG