Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:24

ИРАНДЫН ЖАҢЫ ПРЕЗИДЕНТИ АКШ МЕНЕН БОЛГОН МАМИЛЕНИ ОҢДООГО УМТУЛБАЙТ


Нарын АЙЫП, Прага Өткөн жума күнү Ирандын президенти болуп шайланган Махмуд Ахмадинежад жекшемби күнү журналисттер менен алгачкы жолугушуу өткөрүп, өзүнүн пландары тууралуу баяндады. Анын айтымында, Иран өзүнүн өзөктүк изилдөөлөрүн улантат, өлкөгө болгон батыш таасири азаюуга тийиш, ал эми Ирандын жаңы өкмөтү - элдик өкмөт болот. Батыш эксперттери менен адам укуктарын коргоочулар болсо Ирандын жаңы президентинин сөздөрүн чочулоо менен кабыл алууда.

Тегеран шаарынын мэри Махмуд Ахмадинежаддын жеңиши күтүлбөгөн окуя болду, шайлоо алдында көпчүлүк эксперттер жеңишке - 1989-жылдан 1997-жылга чейин президент болгон Али Акбар Хашеми Рафсанжани ээ болот деп жоруган. Нежад консерватор экени менен белгилүү жана жаш кезинде исламчыл жаштар уюмуна кирген. Тегерандын мэри болуп турган кезинде болсо, шаардык гезитте иштеген реформачыл журналисттерди кызматтан кетирип, Тегерандын райондук акимдери кылып консерваторлорду дайындаганы менен эл оозуна кирген.

Жекшемби күнү журналисттер менен жолукканда Ахмадинежад Ирандын тарыхын мактап, өлкө эч кимдин жардамысыз өнүгө алат деп билдирди. Анын айтымында, Батыш өлкөлөрү менменсингенин токтотуп, көктөн жерге түшүүгө тийиш, ал эми Ирандын жаңы өкмөтү элдик өкмөт болуп, карапайым калктын кызыкчылыктарын коргогон, 70 миллион адамдын өкмөтү катары иштейт.

Ирандын жаңы жетекчилиги өлкөдө жашаган бардык улуттарга, ар башка динге ишенгендерге, кары-жашы дебей, баарына бирдей мамиле кылат, өкмөттүн ички саясаты мелүүн болот, анткени эстремизм эч жакшылыкка алып келбейт:

- Ички маселелерге келсек, өкмөттүн саясаты мелүүн болот. Элдик өкмөттө экстремизмге орун жок. Биз ал маселени чечебиз. Элдик өкмөт бардык күчтү, бардык мүмкүнчүлүктөрдү жана бардык жөндөмдүүлүктү пайдаланат. Өкмөт аракеттеринин өзөгүн улуттук кызыкчылыктар, улуттук сыймык жана бардык иштердеги прогресс түзөт, - деди Ахмадинежад.

Ахмадинежад президенттик кызматка август айында киришет жана көптөгөн саясатчынын пикиринде, азыркы президент Мохамед Реза Хатаминин учурунда жетишилген реформалар чектелиши ыктымал.

Нобел сыйлыгынын ээси Ширин Эбади түзгөн Адам укуктар коргоочуларынын борборунда иштеген Мохамед Али Дадхандын айтымында, жаңы президент адам укуктары тууралуу эч нерсе деп айтпай жатканы чочулоо жаратууда:

- Ахмадинежад шайлоо өнөктүгү учурунда дагы, президент болуп шайлангандан кийин дагы Иранда адам укуктары бузулуп жатканын кантип оңдоо керек экени тууралуу эч нерсе деп айтпаганы бизди чочулатып жатат. Ошондуктан анын келечектеги саясатын биз чочулоо жана тынчсыздануу менен күтүүдөбүз.

АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелд болсо жекшемби күнү "Фокс" сыналгысы аркылуу чыгып сүйлөп, Ахмадинежаддын демократияга эч тийешеси жок деп билдирди:

- Анын демократияга эч тийешеси жок, анын эркиндикке да жакындыгы жок, ал - Иран эли кантип жашаш керек экенин чечкен аятоллаларга жакын адам. Менин оюмча, жаштар, аялдар жана адистер аны кабыл албайт.

Ахмадинежаддын айтымында болсо, Иран өзүнүн өзөктүк изилдөөлөрүн улантат жана ал маселе боюнча Батыш мамлекеттери менен өтүп жаткан сүйлөшүүлөр улантылат, бирок Батыш саясатчылары өз мамилесин өзгөртүп, Тегеранды барктоого тийиш, анткени Иран улуу дөөлөт.

АКШ менен болгон мамилени оңдоо үчүн болсо атайын аракетер көрүлбөйт деди Ахмадинежад. Ал эми ирандык гезиттер Ахмадинежаддын мэр болуп турган кезинде айткан “1979-жылдагы революцияны биз демократия орнотуу үчүн жасаган эмеспиз!” деген сөзүн байма-бай келтирүүдө.

XS
SM
MD
LG