БИШКЕК. Кыргызстан адам укугун коргоо комитетинин төрагасы Рамазан Дырылдаев президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевге жана Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевге кайрылуу жолдоп, анда Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекованын ордуна жаңы төраганы көрсөтүүнү сунуштады. Конституциянын 80-беренесине ылайык Конституциялык жана Жогорку соттун судьялары 10 жылга Жогорку Кеңеш тарабынан шайланат. Ал эми Чолпон Баекова 1993-жылы шайланган. Ошондуктан анын ыйгарым-укуктарынын мөөнөтү аяктады, деп белгилеген Дырылдаев. Ал ошондой эле Конституциялык жана Жогорку сот жаңы өкмөттүн ишин үзгүлтүккө учуратып жатканын, алар Акаевдик режимдин көмөкчүлөрү катары кызматтан кетүүгө тийиштигин айткан.