Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:22

ООГАНСТАНДА ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООГО КАТТОО ЖҮРҮП ЖАТАТ – КООПСУЗДУК ДУРУС ЭМЕС


Төрөкул Дооров, Прага Ырасмий Кабул, өлкөнүн бир катар аймактарында талибдер активдеше баштаганына карабай, сентябрда өтө турган парламенттик шайлоого он миңдеген ооганстандыктар каттала башташканын кабарлады. Талибдер көпчүлүк учурда шайлоо борборлоруна, Улуттар уюмунун өкүлчүлүктөрүнө жана шайлоо чөлкөмдөрүнө чабуул жасашууда.

Ооганстандын түштүк-чыгышындагы Хост вилоятынын 18-жаштагы тургуну Акбар Жан сентябрда өтүүчү парламенттик шайлоого карата мындай ойдо:

- Мен каттоодон өттүм жана менде эми күбөлүгүм бар. Мен добушумду Ооганстандын элин коргой турган парламенттеги өкүлгө бергим келет.

Ооганстанда ушу тапта көпчүлүк алдыдагы шайлоого карата Акбар Жандай эле мамиледе. Хост провинциясынын борборуна жакын жерде турган жаш атуул Ракеб болсо, шайлоо күнү талибдер шайлоо чөлкөмүнө чабуул жасашы мүмкүн экенин билип турса да, каттоодон өткөнүн айтат.

- Азыр бул шаарда абал тынч жана коопсуздук бар. Бирок адамдар зордук-зомбулук менен жагдай курчуп, башаламандык күч алат ко деп коркуп жатышканы байкалат. Бирок азырынча тынч экени чын.

Бирок Ооганстандын, же Хост вилоятынын башка бөлүктөрүндө да абал мындай эмес.

Ооган бийликтери ушул аптада Хост провинциясындагы медреседен 400 килограмм жардыргыч затты, ракеталар менен алыстан башкаруучу куралдарды тапканын кабарлады.

Өлкөдө шайлоого каттоо башталганга бир нече саат калганда, 25-июнь күнү, коңшулаш Пактиа провинциясындагы Улуттар уюмунун шайлоо борборуна куралчан адамдар кол салышкан. Эч ким андан жапа тарткан жок, бирок көпчүлүк ооганстандыктардын “эми козголоңчулар шайлоо чөлкөмдөрүнө кол салышат экен” деген коркунучу орундалды.

Куралчандар ошону менен эле токтоп калышкан жок. Алар ал окуядан эки күн өткөндөн кийин, Лагман облусунда жолдо бараткан полициячыларга кол салып, 3 полиция кызматкерин өлтүрүшкөн, ал эми облусттук полициянын башчысы жаракат алды.

Кийин, ушул шейшембиде, Урузган аймагында полициянын машинесинин астына коюлган бомба жарылып, эки адам өлдү, үчөөсү жарадар болду.

Адриан Эдвардс - Бириккен Улуттар уюмунун Ооганстандагы атайын өкүлү Жан Арнонун жардамчысы. Анын айтымында Арно өткөн жума күнү Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңеши жарыялаган эскертүүдөн кийин коопсуздук маселеси боюнча тынчсыздана баштаганын айтат.

- Өлкөнүн түштүк бөлүгү учурдагы проблемаларга өтө көп тартылды. Бирок кыйынчылыктар башка бөлүктөрдө да бар. Арно мырза бул туруксуздукту калыбына келтирүүдө эларалык коомчулук аракеттеринен жазбашы керектигин, болгондо да, аскерий операциялар менен эле чектелбей, туруксуздукту жаратып жаткандардын түйүндөрүн колдоп жаткан тараптарды да жок кылууга аракет кылыш керек деп эсептейт.

Өткөн аптада өлкөнүн Кандагар вилоятында АКШ баштаган коалициялык күчтөр 77 талибди өлтүрүштү. Жергиликтүү тургундар талибдерге каршы согуш соңуна чыкпай эле, тетирисинче, кайра күчөп баратат ко деп кооптонушууда.

Рахматулло - шаардык базарда кийим-кече саткан кичинекей дүкөндүн ээси, жакында эле Сауд Арапстандан келди. Ал акыркы үч айдан бери зордук-зомбулуктун күчөй баштаганы парламенттик шайлоодон да коркунучтуу деп эсептейт:

- Эгерде биздеги коопсуздук жаатындагы жагдай ушул бойдон кала берсе, анда оогандар да, чет-элдиктер да биздин өлкөгө инвестиция жасашпайт, демек, бизде келечекте экономика өнүкпөй калат. Бул өлкөнүн реконструкциясындагы чоң катачылык болмок.

Кабулда көптөр ооган бийликтери бул жолку шайлоодо өткөн күздөгү президенттик шайлоодо кетирилген катачылыктарды жойот ко деп үмүттөнөөрүн айтышты. Алардын оюнда, эгерде мурдагыдай эле, бюллетендерди таштоо үчүн чоң бармакка сүртүлө турган боекту оңой эле өчүрүүгө мүмкүн болсо, анда сентябрдагы шайлоодо да көп мыйзам бузуулар болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG