БИШКЕК. Жогорку Кеңештин 30-июндагы отурумунда Шайлоо кодексине кошумча өзгөртүү киргизилди. Ага ылайык президенттик шайлоого добуш берүү эртең мененки саат сегизден кечки онго чейин узартылды. Депутаттардын пикиринде, мындай өзгөртүү президенттик шайлоонун кезексиз, жай айларына дайындалгандыгы менен байланыштуу. «Жайдын күнү көпчүлүк атуулдар эс алып жүрүшкөндүктөн ар кандай себептер менен добуш берүүгө кечигип калышы ыктымал. Ошондуктан добуш берүүнүн мөөнөтү кечки саат онго чейин узартылды,»- деп түшүндүрүштү депутаттар. Баш мыйзамга ылайык Шайлоо кодексине мындай өзгөртүү президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев кол койгон күндөн тарта күчүнө кирет.