Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:23

Бермет Акаеванын арызын Жогорку сот канааттандырган жок


БИШКЕК. 30-июнда Жогорку сот №1-шайлоо округунан шайланган депутат Бермет Акаеванын арызын карап, 1-май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. 1-май райондук соту 13-июндагы отурумунда Борбордук Шайлоо комиссиясынын чечимин негиздүү деп тапкан. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы 16-майдагы отурумунда №1-Университет шайлоо округундагы парламенттик шайлоонун тыянагын жокко чыгарган. БШКнын маселени карашына бул округ боюнча арыз-даттанууларды текшерүү комиссиясынын тыянагы негиз берген. Мындай тыянакты Бермет Акаева саясий чечим катары баалады:

- Бул саясий чечим болуп калды, менимче. Биз карап көрөбүз, эгер мүмкүнчүлүк болсо эл аралык сотко беребиз.

XS
SM
MD
LG