БИШКЕК. АКШ, Швеция, Жаңы Зеландия өңдүү мамлекеттер Кыргызстандын аймагында кармалып турган өзбекстандык бозгундарды кабыл алууга дарядыктарын билдиришти. Бул тууралуу “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын президенти Эдил Байсалов жекшембиде “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтымында БУУнун качкындар боюнча башкы комиссариаты жакынкы күндөрү өзбекстандык бозгундар боюнча отчетун жарыялайт:
- БУУнун качкындар агенттиги Женевада бир нече мамлекет менен жыйын өткөргөн. Анда ал өлкөлөр бул качкындарды кабыл алууга даярдыгын билдиришти. БУУнун бул агенттиги Анжияндагы окуя боюнча отчетун даярдады. Анда өзбек бийлиги чак түштө жүздөгөн адамдардын өмүрүн кыйган деп дагы бир жолу айыпталды.
Бириккен улуттар уюмунун Качкындар боюнча агенттиги Австралия, Германия, Америка, Швеция, Норвегия өңдүү мамлекеттерди 2-июлда Женевада чогултуп, өзбекстандык качкындардын тагдырын талкуулаган. Тышкы иштер министринин орун басары Таалайбек Кыдыров азырынча бир да мамлекеттен качкындарды кабыл алуу жөнүндө ырасмий макулдук келе элек деп жекшембиде кабарлады. Тышкы иштер министри Роза Отунбаева болсо “Азаттыкка” берген интервьюсунда кыргыз өкмөтү коңшү өлкөлөр менен мамилени бузуп албагыдай, ошол эле учурда эл аралык нормалардын чегиндеги чечим кабыл алышы керек деген. Атуулдук коомдун өкүлдөрү болсо кыргыз бийлиги бул маселеде саясий эркин көрсөтүшү керек деп жатышат.