Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:42

АЗЫРКЫ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООНУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ БИР КЫЙЛА


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Президенттик шайлоо жакындаган сайын коомчулукта түрлүү пикирлер айтылып, жаамы журттун көңүлүн алагды кылууда. Айрыкча шайлоо алдында кырдаал курчуп, шайлоону өткөрбөй коюу үчүн үчүнчү күч кайрадан аракет жасап жатыптыр деген каңшаардын тараганына да көп болду. Бишкек шаарынын Борбордук аянты, Өкмөт үйүнүн жака бели тартип коргоо кызматкерлеринин катуу көзөмөлүндө. Айрым саясатчылар бул шайлоодо деле админстративдик ресурстар колдонулуп жатканын айтса, көпчүлүк шайлоочулар бул шайлоонун өзгөчөлүгүн өз жон терилери менен сезип жатканын ырастап, бийликтин кийлигишүүсүз өтүп жатканын бышыктайт.

Алдыдагы шайлоого эл аралык байкоочулар гана эмес, жалпы өлкө жарандары да өтө аяр мамиле жасап жатышат. Айрыкча 17-июндагы окуядан кийин «шайлоо алдында өлкөдөгү кырдаал кандай болуп кетээр экен?» - деген кооптонуу ар бир адамдын көкүрөгүн өйүп келет. Жакында эле Казакстандагы бир маалымат каражатына берген маегинде «Мекеним Кыргызстан» кыймылынын жетекчиси Урмат Барктабасов бардык талапкерлерге каршы добуш берүүгө элди үндөп жатканын жашырбады. Айрым байкоочулардын иликтөөсүнө караганда, андай аракетти Акаевге жакын айрым адамдар да тымызын жүргүзүүдө.

Эксперттер ошондон улам шайлоо жакындаган сайын «Кыргызстанда кырдаал курчуп кетпейби деген чоочулоо күчөөдө, бул азыркы шайлоонун негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири» дешет. Бирок ар кандай аракеттерге карабай жаңы бийлик өлкөдөгү кырдаал алардын катуу көзөмөлүндө экенин айтып, чоочулоого негиз жоктугун бышыктайт. Аны Акаевдин жакын адамдарынын бири Болот Жанузаков да ырастап, учурда өлкөдөгү абал дурус экенин мойнуна алат:

- Менимче, бүгүн кырдаал стабилдешип баратса керек. Элдин маанайы деле жакшы. Негизги эле тилек элибизде тынччылык болсо экен, бейкутчулук болсо экен, алдыбыздагы турган чоң саясый окуялардын бардыгын жакшылап тынчтыкта өткөрүп алсак экен деген гана максат.

Ал эми «Азаттык» радиосуна кайрылган угармандар алдыдагы шайлоону болтурбай коюуга айрым саясатчылар кызыкдар болуп жатат деген пикирлерин айтышууда:

- Мен Каракулжа району, Кеңеш айыл өкмөтүнөн Парпиев Исматулла, азыр мына борбордо туруп алышып кээ бир аттуу баштуу адамдар, көбүнчө ушу депутаттар тоскоолдук кылгандай болуп жатат.

Жалалабад областынын мурдагы губернатору, президенттик шайлоого өз талапкерлигин коюп, бирок кайра андан баш тарткан Жусупбек Шарипов өлкөдөгү кырдаал мындан бир ай мурда курчуп кеткенин, учурда бардыгы өз ордуна келгенин кошумчалайт.

- Өзү негизи бир ай мурда өлкөдө абдан татаал шарттар болуп, бөлүнүп-жарылуу деген нерселер өзүнүн чегинен чыгып кетип аткан. Эми азыр кырдаал негизинен өзгөрдү. Мына К. Бакиев менен Ф. Куловдун саясый келишими, андан кийинки жасаган кадамдары бүгүн коомдогу тирешүүнү азайтты десек болот.

Көпчүлүк байкоочулардын пикирине карганда, бул шайлоонун дагы бир өзгөчөлүгү эл өзү каалаган талапкерге добуш берип, мында бийликтин таасири болбой калгандыгында. Бирок Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин пикиринде, шайлоо канчалык мыйзамдар менен корголбосун жаңы бийлик админстративдик ресурсту баары бир колдоно бермекчи:

- Мына биз азыр Европадагыдай кылып админстративдик ресурс пайдаланылбасын деп мыйзамга жазып койгонубуз менен, биздикилер айтпасаң деле жасап койо берет.

Ал эми шайлоочулардын өздөрү мурдагы шайлоо менен азыркы шайлоонун айырмасы асман менен жердей экенин ырастаган пикирлерин билдирүүдө:

- Мен Бишкектен, Султангазиев Абдыкалый, эми мурунку шайлоо менен азыркы шайлоонун айырмасы мына элди өз оюна коюп койгондугунда болуп атпайбы. Мына азыр карапайым элдин баары өзү каалаган талапкерди шайлайбыз деп турушат, эч кандай басым, кысым жок. Айырмасы асман менен жердей болуп атат. А, мурун болсо жок сен буга саласың, мындай кыласың, тигиндей кыласың деп жыйналыш, чогулуштарды өткөрүп көчө-көчөлөргө адамдарын жиберип кыйначу эле.

Карапайым шайлоочулар айырмачылыкты мына ушундай көрүшөт. Ошондой эле алар элдин жеңип алган ийгилигин акыр аягына чейин жеткирүү керек деген ойлорун ортого салышат:

- Ноокенден Исаков Абдырахман, азыр эл биригиш керек дагы Кыргызстандын алдыга жылып кетиши үчүн, элибиздин келечеги үчүн, карапайм калктын жеңип алган учугун акыр аягына чейин жакшынакай кылып чыгарыш керек деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG