Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:42

Таласта шайлоого соңку даярдыктар көрүлүүдө


ТАЛАС. Облустук шайлоо комиссиясынан 4-июль күнү алынган маалыматка караганда, өрөөндө 115 шайлоо участогу түзүлүп, алар добуш берүүнү өткөрүүнүн материалдык жана техникалык керектөөлөрү менен камсыздалды. Болгону шайлоочулардын тизмелери илинүүчү такта жеткирилбей, жарандар өз тизмелери бар-жогун тактай албай нааразылыктар болууда. Участкалык шайлоо комиссияларынын 1124 мүчөсү 21-июндан 1-июлга чейин эл аралык шайлоо фондунун адистери тарабынан атайын даярдыктан өткөрүлдү. Алыскы жайлоолордо, талааларда иштеп жүрүшкөн дыйкандар менен фермерлердин добуш берүүсүн уюштуруу жергиликтүү бийликке милдеттендирилген. Шайлоочулардын тизмесин тактоодо күн сайын өзгөрүүлөр болуп жаткандыгын айтышты. 4-июлга карата алардын саны облус боюнча 121 667 шайлоочу болду.

XS
SM
MD
LG