Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:42

ПУТИН ЕВРОБИРИМДИК МЕНЕН ОРУСИЯ АЛАКАСЫН ШРӨДЕР ЖАНА ШИРАК МЕНЕН ТАЛКУУЛАДЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Калининград обулусуна карашатуу Светлогорск шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин жекшембиде Франциянын президенти Жак Ширак жана ФРГ канцлери Герхард Шрөдер менен жолугушту. Алардын ортосунда БУУну реформалоо ошондой эле алдыдагы «Чоң сегиз» саммитине кандай баруу маселелери козголду.

Экинчи дүйнөлүк согушта, так айтканда, 1945-жылы Советтер Союзуна олжого келген Кёнигсберг калаа кийин Калининград делип аталып калган. Ошол калаанын ташын койгонго 750 жыл толушун майрамдоо болду. Анын шарапаты менен орусиялык лидер, жекшембиде, Француз президенти Жак Ширак жана Немис канцлери Герхард Шрөдерди ал калаага чакырып, жолугушуу өткөрдү. Ал жерде эң маанилүү деп ортого койгон маслет - Орусия менен Европалык Бирдик алакасы ошондой эле Шотландияда шаршембиде өткөнү аткан «Чоң сегиз» жолугушуусна кандай баруу болду.

Ачыгын айтканда, Европалык Бирдик менен Маскөөнүн сода алакасы кыйла өнүккөн. Маселен, Орусия ал өлкөлөргө чыгарып аткан товралар көлөмү - дегеле Орусия четке чыгарып аткан товарлардын жарымынан көбүн түзөт. Дагы бир жагдай - Батышты эң ири мунайзат жана газ менен жабдып аткан тарап Маскөө болуп эсептелет. Путин жакында ал бирдикте «акыйлашуу» чыкканга байланыштуу Орусияга анын капшабы тийбейби деген каңкуу кеп айтты.

- Акыркы Конституциялык чырлашуу капшабы Орусия жана Европалык Бирдиктин мындан аркы карым-катнашына залакасы тийеби жокпу, ошону түшүнүү үчүн сиздердин пикирди угуу биз үчүн абдан маанилүү.

Жолугушуу этегинде журналисттер көзүнчө маалымдоо айтууда Жак Ширак менен Герхард Шрөдер акыркы окуялар Орусия менен болуп аткан алакага эч кандай таасири болбостугун ырасташты. Ошондой болоруна убада беришти.

Герхард Шрөдер бул тууралуу мындай деди:

- Евробирдик кеңейиши менен Европалык Конституция тегерегинде маселе – ал уюм мүчөлөрүнө гана тийиштүү. Андай кризис бар экени чын, бирок анын Путин мырзага жолтоо болор эч кандай шааниси жок.

Президент Жак Ширак да: «Европалык Негизги мыйзам жолу болбой калуусу Орусия менен болгон стратегиялык өнөктөштүккө эч кандай калабасы болбойт», - деди.

6-июлда Шотландияда «Чоң сегиз» жолугушуусунда үч өлкө жетекчилери дагы бир жолу жолугушмакчы. “Чоң сегиз” олтурумунда дүйнө жүзүнүн жылуу тартып кетүүсү, Африканын жарды өлкөлөрүнө жардам берүү жана БУУун өзгөртүп, кайра түзүү маселелери талкууланат дешет.

Путин, Ширак жана Шрөдер бул жолу Жакынкы Чыгыш кармашын тартипке салуу, Түндүк Корей маселеси боюнча сүйлөшүүлөр, Иран ядролук программасы ошондой эле Ирактагы жагдайга токтолушкан.

XS
SM
MD
LG