Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:17

2012-жылдагы Олимпиада Лондон шаарында өтмөй болду


Бүгүн Сингапур шаарында 2012-жылдагы Олимпиаданы кайсы шаарда өткөрүү боюнча добуш берүү болду. Талапкер шаарлар катары Лондон, Мадрид, Маскөө, Нью-Йорк, жана Париж аталган, Франциянын президенти Жак Ширак Сингапурга өзү келип, уюштуруу комитетинин алдында чыгып сүйлөдү:

- Париж шаарынын бардык тургундары жана бүткүл Франция адамдарынын жүрөктүрү бирге согуп, 2012-жылдагы Олимпиада алардын жеринде өтөт деген үмүттө.

Орус президенти Владимир Путин болсо кечээ күнү уюштуруу комитетине видео аркылуу англис тилинде кайрылды:

- 2012-жылдагы Олимпия оюндарын өткөрүүгө Маскөө кызыкдар деп мен Орусия жана анын элинин атынан толук ишендирем.

Натыйжада финалга Париж менен Лондон чыкты жана акыркы таймашта Лондон жеңишке ээ болду. "Жеңишке Лондон ээ болгонуна биз өтө кубанычтабыз, аларды биз билебиз, алар оюндарды эң жогорку деңгээлде өткөрө алаарына ишенебиз", - деди Эл аралык олимпия комитетинин президенти Жак Рогг.

XS
SM
MD
LG