Палестинада кечээтен бери жөөт аскерлери тарабынан аки араб жигити атып өлтүрүлдү. Алардын бири бүгүн эртең менен Йордан дарыясынын батыш жээгиндеги Наблус шаарындагы жөөт айылына куралдуу кол салууга аракеттенген. Экинчи жигит болсо кечээ күнү кечинде Газа тилкесиндеги Мораг айылында сыйынып жаткан жөөттөргө кол салууну көздөгөн.