Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:20

М. Ниязов: “17- июндагы тополоңго Аскар Акаевдин түздөн түз тиешеси бар”


БИШКЕК. 17-июнда өкмөт үйүнө жасалган чабуулга экс-президент Аскар Акаевдин түздөн түз тиешеси бар. Мындай билдирүүнү Коопсуздук кеңештин катчысы Мирослав Ниязов 10-июлда жасады. Анын айтымында, 17-июндагы окуяга байланышы бар адамдардын аты-жөндөрү шайлоодон кийин ачыкка чыгат. Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров 10- июлда журналисттерге билдиргенге караганда, 17-июндагы окуя жакынкы күндөрү Коопсуздук кеңешинде каралып, уюштуруучулардын ишине саясий жана укуктук баа берилет. “Мекеним- Кыргызстан” кыймылынын лидери Урмат Барктабасов жакынкы күндөрү Башкы прокуратурага келип, 17-июндагы окуянын артында кимдер турганын айтып берет. Муну Башкы прокурор Азимбек Бекназаров да ырастады. Президенттикке талапкерлигин койгон Урмат Барктабасовго 17-июнда 3 миңге чукул жактоочулары менен өкмөт үйүнө чабуул жасап, мамлекеттик төңкөрүш аракетин жасады деген айып тагылууда. Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, азыр ал Казакстанда жашынып жүрөт.

XS
SM
MD
LG