Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:06

БШК 13-июлда шайлоонун жыйынтыгын чыгарат


БИШКЕК. 13-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны болуп, анда 10-июлда болгон президенттик шайлоонун жыйынтыгы расмий түрдө чыгарылат. Андан кийин шайлоонун жыйынтыгы Конституциялык соттун кароосуна коюлат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматынан 12-июлда кабарлашты. Маалыматка караганда, Конституциялык сот 7 күнгө калбай шайлоонун мыйзам чегинде өткөнү жөнүндө өз бүтүмүн чыгарып берүүгө тийиш. Президенттик шайлоодо алдын-ала маалыматтар боюнча Курманбек Бакиев шайлоочулардын дээрлик 90 пайызынын добушун алуу менен жеңишке жетишкен.

XS
SM
MD
LG