Испаниянын түндүгүндөгү Амребита шаарындагы кубат станциясынын алдында бүгүн төрт жарылуу болду. Өлкөнүн Баск аймагында чыгуучу гезитке кимдир бирөө эртең менен телефон чалып, ал тууралуу эскерткен жана жарым сааттан кийин чындап эле жарылуулар башталган. Полиция тийиштүү чараларды көрүүгө үлгүрдү.