Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:36

Президенттик шайлоо акыйкат өттүбү?


БИШКЕК. 10-июлдагы президенттик шайлоо ачык, акыйкат өттү. Бирок шайлоонун жүрүшүндө административдик ресурсту пайдаланууга, мыйзам бузууга жол берген адамдар жоопко тартылууга тийиш. Мындай чечимин «Атуулдар акыйкат шайлоо үчүн» коомдук комитети билдирди. Өлкөнүн биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Феликс Куловдун жетекчилигиндеги бул комитет президенттик шайлоо алдында түзүлгөн. Анын курамына бир катар бейөкмөт уюмдардын, саясий партиялардын өкүлдөрүнөн сырткары президенттикке талапкерлер да кирген. Комитеттин бул күнкү жыйынында президенттикке талапкерлер Жыпар Жекшеев, Токтайым Үмөталиева президенттик шайлоодо добуштарды сатып алуулар сыяктуу мыйзам бузуулар орун алып, шайлоонун жыйынтыктары бурмаланды деген пикирлерин билдиришти. Акыйкат шайлоо үчүн комитети мындан ары да өз ишин улантмак болду.

XS
SM
MD
LG