Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Качкындардын тагдыры ушул апта соңунда чечилет


БИШКЕК. Анжиян окуясында Кыргызстанга качып келген өзбекстандык атуулдардын ичинен 29 атуулду Өзбекстанга кайрадан кайтарып берүү маселеси ушул аптанын cоңуна чейин чечилет. Бул тууралуу Башкы прокурор Азимбек Бекназаров билдирди. Анжиян окуясынан кийин Кыргызстанга 144 өзбекстандык атуул качып келген. Бир катар эл аралык уюмдар жана жергиликтүү укук коргоочулар качкындарды кайтарып берүүгө каршы болушууда. Ал эми Кыргызстандын аткаруу бийлигинин айрым өкүлдөрү эгерде качындардын мурда саясий эмес оор кылмыш кылгандыгы далилденсе аларды өз мекенине кайтаруу зарылдыгын белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG