Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

ИРАК ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН ИРАНГА ЖАСАГАН САПАРЫ АЯКТАДЫ


Төрөкул Дооров, Прага 18-июлда Ирак премьер-министри Ибрагим ал-Жаафаринин Иранга сапары аяктады. Жекшембиде ал Иранда президенттиктен кетип жаткан Мухаммад Хатами менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Ирандын мурдагы лидери Ирак премьеринин Тегеранга сапарын эки өлкө ортосундагы мамилелер үчүн чечүүчү ролго ээ деп баалады.

Ирандын президенти Хатами жекшембиде “Ирактын премьеринин сапары Саддам Хусейндин президенттиги учурунда эки өлкөнүн алакаларына кетирилген жараканы түзөйт” деген ишенимин билдирди.

Ирактык премьер Жаафари менен болгон жолугушуудан кийин, Хатами “Иран ислам республикасы Иракта коопсуздукту камсыздап, туруктуулукту орнотуу үчүн колдон келген жардамын аябайт” деди.

Ал эми Саддам Хусейндин тушунда Иранда бир канча мезгил жашаган Ал-Жаафари болсо азыр ошол кезде Саддам Хусейн көрсөткөн зордукту түшүнгөнүн, бирок ал Ирак элинин каалоосу болбогондугун айтты.

Ирактын премьери Жаафари Иранда Тышкы иштер министр Камал Харрази, жаңы шайланган президент Махмуд Ахмадинежад жана мурдагы президент Акбар Хашеми Рафсанжани менен жолугушту.

Жекшембидеги жолугушууда эки өлкөнүн лидерлери эки башка меморандумга кол коюшту. Дагы бир катар келишимдерге шаршембиде кол коюлаары айтылды.

Махмуд Утман - Ирактын мамлекеттик кеңешинин мурдагы мүчөсү. Анын ишениминде, Иран менен Ирактын ортосундагы биргелешкен аракеттер Иракта чек ара коопсуздугун камсыз кылуу өңдүү бир катар башка да проблемаларды чечкенге жардам болот.

- Менимче, Ирак премьеринин бул сапары Иран үчүн да, Ирак үчүн да маанилүү, анткени эки өлкөнүн чек арага тиешелүү чечилбеген проблемалары арбын. Ошол эле учурда Ирак ушул тапта коопсуздук, электр энергиясын камсыздоо жана башка кызматтарда кыйын учурларды баштан кечирүүдө. Бул сүйлөшүүлөр ал көйгөйлөрдү чечкенге пайдасы тийет деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG