Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:01

У. Барыктабасов менен Н. Танаев суракка ушул аптада келет


БИШКЕК. Ушул аптада Башкы прокуратурага сурак бериш үчүн “Мекеним Кыргызстан” кыймылынын лидери Урмат Барыктабасов менен мурдагы премьер- министр Николай Танаевдин келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Башкы прокурор Азимбек Бекназаров билдирди. Урмат Барыктабасовго 17-июндагы өкмөт үйүнө жасалган чабуулда мамлекеттик төңкөрүш аракетин жасаган деген айып тагылып, издөө жарыяланган. Ал эми Николай Танаев парламенттин бир нече депутаттары жеке коопсуздугу үчүн кепилдикти мойнуна алышкандан кийин козголгон кылмыш иштери боюнча көрсөтмө берүүгө макул болгон. Эскерте кетели, издөөдө жүргөн адамдарга Башкы прокурордун кайрылуусунан кийин Кыргызстанга Шалкар Жайсаңбаев, Эдуард Пак жана бир нече таптырбай жүргөн адамдар кайтып келишти.

XS
SM
MD
LG