Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:32

КАЧЫП КЕТКЕНДЕРДИН КАЙТЫП КЕЛИП ЖАТЫШЫ ЭМНЕНИ ТУЮНДУРАТ?


Ири мамлекеттик кылмыштарга шектелип, анын натыйжасында бөлөк өлкөлөрдө из жашырып жүргөн бир катар адамдардын бүгүнкү күндө сурак берүү үчүн өз эрки менен кайра Кыргызстанга келип жатышы жана келүүгө камдануусу коомчулукта түрдүү пикирлерди жана таңданууларды пайда кылууда.

Чындыгында эле Кыргызстандагы криминалдык кылмышкерлердин анабашы деп жүрүшкөн Рысбек Акматбаевдин, ченемсиз көп суммадагы акчаларды алып кетти деп жарыя салынган “Кыргызгазмунайзат” мамлекеттик корпорациясынын мурдагы жетекчиси Шалкар Жайсаңбаевдин, “Рентон груп” жоопкерчилиги чектелген коомунун башчысы Эдуард Пактын соңку күндөрү курду мойнуна асып кечирим сурагандай түр менен Кыргызстанга сурак бериш үчүн кайтып келиши, жакында эле түрдүү саясий кыйчалыш кырдаалдарда Кыргызстандан чыга качышкан экс-премьер-министр Николай Танаевдин, “Мекеним – Кыргызстан” коомдук-саясий кыймылынын жетекчиси Урмат Барыктабасовдун келүүгө камданып жатышы - Кыргызстан үчүн жаңы коомдук көрүнүш.

Ага кандай шарт-жагдай мүмкүндүк ачкандыгын жана андан улам кандайча мыйзамсыз аракеттер күтүлөрүн Жогорку Кеңеш депутаты Кубатбек Байболов төмөндөгүчө белгиледи:

- Башкы прокурор кепилдикти берип атпайбы - өзүңөр келип, акчаны тапшырып берсеңер жоопко тартпайбыз дегендей мааниде. Чындыгында Башкы прокурордо андай полномочие жок. Экинчиден, азыр Акаевдин тегерегинде гана ажиотаж болуп жатат. Тигилер Акаевге шылтап туруп, жоопкерчиликтен кутулуп кетишке сөзсүз аракет жасашат. Менин оюмча, кандай болгон күндө дагы, ошо Акаевге тиешеси болсо деле ар ким өзүнүн укук бузуулары үчүн жоопкерчиликти тартыш керек.

“Жаңы ордо” гезитинин башкы редактору Бекен Назаралиев кылмыш адамдарына жасаган бийликтин мындай келишүүчүлүк мамилеси кылмышкерлерди кайра көбөйтүшү мүмкүн деген ойдо:

- Эгерде алар уурдаган эмес болсо Акаевдин убагында эле антип качпай, өз сөздөрүн айтышат болчу. Азыр да таң калыштуусу, алар ошо карыздарды төлөйбүз, бирок иштерибизди бутуна тургузуп алалык, мүмкүндүк бергиле деп жатышат. Ушундай да болчу беле?! Эгерде азыркы бийлик минтип жумшак мамиле кыла бере турган болсо - анда уурулардын саны өлкөдө азаймак тургай, кайра көбөйөт.

Бекен Назаралиевдин бул пикирине белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Тилектеш Ишемкулов кошула бербейт:

- Мындай усул уголовдук иштерде колдонулуп келген. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө практикаланган. Тигилердин келиши – коомдогу чыңалууну да жумшартып атпайбы. Бул - жаңы бийликтин жакшы кадамы деп баалаймын.

Жогорку Кеңеш депутаты Кубатбек Байболов курун мойнуна салып келгендиги үчүн эле аларга толук кечирим берилбеш керектигин эскертти:

- Мен Жогорку Кеңеш сессиясында – Азимбек Бекназаровду бекитип жатканда айткамын: урматтуу Башкы прокурор, буларды кылмыш жообунан бошотуп жиберишке сиздин укугуңуз жок, эгерде алар уурдалган акчаларды кайрып бере турган болсо - күнөөсүн жумшартканга гана мыйзам жол берет деп.

Айрым талдоочулар болсо, бул иштердин жалпы жыйынтыгы - жаңы бийликтин кадыр-баркын өстүрө турган же төмөндөтө турган күчкө да эгедер экендигин баса белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG